Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Парламентаризмди өнүктүрүү боюнча талкуу өтөт


Бүгүн Бишкекте парламентаризмди өнүктүрүү темасына арналган жыйын өтөт. Анда Европа жана АКШ парламенттеринин алдыңкы тажрыйбасы, алардын ачыктыгы, элге кызмат кылуусу жана Кыргызстан үчүн өрнөк боло турган жактары жөнүндө сөз жүрөт. Жыйынды "Парламенттик демократия" деп аталган бейрасмий комитет уюштуруп жатат. Анын курамына Жогорку Кеңештин 10 депутаты кирет. Аталган топ буга чейин Германия, Франция, Литва, Польша, Чехия жана АКШ парламенттеринин иши менен таанышып келген. Талкууну өткөрүүгө АКШнын Улуттук демократия институту жардамдашууда.

2010-жылы бийлик алмашуудан кийин элдик референдум аркылуу Кыргызстандын Конституциясына өзгөрүү кирип, өлкө парламенттик демократия жолуна түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG