Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

23-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
22-23-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
23-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтулбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 21..26 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15..20,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1..+4, күндүз 13...18,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.

XS
SM
MD
LG