Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Талас: Абакка видеобайкоо орнотулду


Талас облустук прокуратурасынын демилгеси менен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жакында видеобайкоо Кара-Буура милициясынын имаратына да орнотулмай болууда. Видеокамералар Жалал-Абад жана Чүй милициясынын имараттарында бар. Ошко жакын арада коюлат. Негизги максат - камактагыларды кыйноого жол бербөө, милициянын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Кыргызстанда кыноолор тыйылбай жатканын айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG