Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик орнотулат


Бишкекте залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулат. Бул тууралуу бүгүн шаар мэри Иса Өмүркулов кыргыз интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Буга чейин белгилүү акын-жазуучулар, Эл баатырлары ушундай сунуш менен өлкө жетекчилигине кайрылган болчу. Эстелик Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишине тургузулмай болду. Ошондой эле Бишкектин көчөлөрүнүн бирине Сыдыкбековдун ысымын ыйгаруу тууралуу сөз болууда. Интеллигенция өкүлдөрү жазуучунун атын азыркы Киев көчөсүнө берүү сунушун айтып жатышат.

Быйыл Сыдыкбековдун 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында көлдүн Түп районунда туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Жазуучунун бир кылымдык юбилейине арнап өкмөт «Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер, XX кылымдын Бакайы» темасында илимий-практикалык конференция, китеп-сүрөт көргөзмө уюштуруп, салтанаттуу жыйын өткөргөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG