Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Иран ядролук объекттерин МАГАТЭ текшергенге ынады


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин билдиришинче, Иран ядролук куралга байланыштуу ишканаларын эл аралык инспекцияга көрсөтүүгө негизинен макулдук берди. Мындай келишимге тараптар жалчыбаган келишпестиктер жөндөлгөн соң жакында кол коюшарын МАГАТЭнин башчысы Юкио Амано кечээ Венада маалымдады. Анын айтымында, келишимге жараша Тегерандын жанындагы Парчин аскерий объекти текшерилет. Бүгүн Багдадда Ирандын ядролук программасы боюнча Британия, Кытай, Франция, Орусия, Германия, АКШ жана Иран катышкан сүйлөшүү башталат.

XS
SM
MD
LG