Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Скопьеде Искендер Зулкайнардын атасына эстелик тургузулду


Македониянын байтакты Скопьеде Искендер Зулкайнардын атасы Филиптин колодон жасалган айкели ачылды. 13 метрлик айкел 17 метрлик педсталга орнотулган. Жаангер сол колу менен белиндеги кылычын кармап, оң мушун асманга көтөрүп турат.

Эстеликке жакын жердеги аянтта 2011-жылдын июнь айында Александр Македонскийдин айкели ачылган. Бул окуя Македониянын коңшулаш Грекия менен мамилесин осолдотуп, Афины Скопьенин НАТОго жана Европа Биримдигине өтүү аракетине бут тосуп койгон. Афины ошондой эле Скопье Грекиядагы аты окшош аймакка ээ чыгууну көздөйт деп, Македониядан аталышын өзгөртүүсүн талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG