Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Гога-Гаухар Лондондо мода үйүн сатып алмакчы


Казакстандык миллиардер айым Гога Ашкенази Лондондо жайгашкан модалуу кийимдердин Vionet компаниясын сатып алаары маалым болду. Ал үчүн канча төлөгөнү расмий жарыяланбады. Vionet моду үйүн 1912-жылы француз дизайнери Мадлен Вьоне түптөгөн. Аны 2009-жылы италиялык ишкерлер Матео Марцотто жана Жанни Кастильони кайра жанданткан.

32 жаштагы Гога Ашкеназинин чыныгы аты Гаухар Беркалиева. Таразда туулган. Мурдагы күйөөсү АКШнын жараны Стефан Ашкеназиден төрт жаштагы Адам деген уулу бар. Бирок Адамдын атасы президент Назарбаевдин ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаев экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG