Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Мамдума демонстрация өткөрүү эрежесин өзгөрттү


Орус Мамлекеттик думасы коомдук жайларда демонстрация өткөрүү эрежесин бузгандарга жазананы көбөйтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Кремлчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы сунуш кылган мыйзам долбоорунда тартип бузуучуларга 1,5 миллион рубль же 48 миң АКШ долларына чейин айып салуу каралган.

Оппозициячыл үч партия жаңы мыйзам президент Владимир Путинге каршы нааразылык чыгууларды жам кылууга багытталган деп, долбоорго каршы болушту. “Адилеттик” партиясынын төрагасы Сергей Мирнов: "Айып пулду 1 500 эсе көбөйтүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле? Суроонун жообу айкын: Жарандык нааразылык акцияларына чыккандарды коркутуу үчүн", - деди.

Либералдык Демократтык партиянын лидери Владимир Жириновский мыйзам долбоорун жактады.

XS
SM
MD
LG