Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Жыл башынан бери он тендер жокко чыгарылды


Кыргызстанда жыл башынан бери жарыяланган тендерлердеги мыйзам бузуулар боюнча 20 арыз түшүп, натыйжада он тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Акжигит уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тендердеги мыйзамсыз иштерден мамлекетке олуттуу зыян келген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бир жылда 20 миллиард сомго тете тендер өткөрүлөт. Буга чейин УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызмат Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык схемалардан улам 2,5 миллиард сом чыгып келгенин билдирген. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG