Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Өнүктүрүү банкы улуттук долбоорлорду гана каржылайт


Жаңы түзүлө турган Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы улуттук, ири долбоорлорду гана каржылайт. Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы министр Темир Сариев парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, өнүктүрүү банкы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда түзүлгөн өнүктүрүү агенттигинен толугу менен айырмаланат. Маселен, бул банк Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, Жогорку Кеңешке жыл сайын отчет берет. Ошондой эле банктын иши боюнча аудит жүргүзүлүп турат. Мындан тышкары банктын директорлор кеңеши жана кызматкерлери тыкыр тандоодон өткөрүлөт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банктын долбоору парламенттин кароосунда. Жакында долбоорду Улуттук банк карап чыгып, жаңы банктын ачылышына каршы пикирин билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG