Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Генерал Монуевдин жеке буюмдары Тарых музейине тапшырылат


Кыргыздан чыккан алгачкы генерал-лейтенант Ысакбек Монуевдин жеке буюмдары, генералдык кители, орден, медалдары, сүрөттөрү жана кол жазмалары бүгүн Мамлекеттик тарых музейине тапшырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” генерал Монуевдин 110 жылдыгын белгилөө демилгечилеринин бири Мелис Арып-Бек билдирди. Генералдын буюм-тайымдарын музейге анын балдары, жакындары тапшырат. Иш-чарага Ысакбек Монуевдин армиясына катышкан казак жараны Масимжан Зулпикардын уулу да катышат. Ал Монуевдин аскердик кызматына байланыштуу бир катар сүрөттөрдү алып келатат.

Бүгүн тапшырыла турган буюмдар июн айында атайын көргөзмөгө экспонат болуп коюлат.

Ысакбек Монуев 1902-жылы Алай районунун Нура айылында туулган. 1949-жылы авиакырсыкта мерт кеткени айтылып келет.

Генералдын 110 жылдыгын белгилөө жөнүндө токтом Жогорку Кенеште былтыр ноябрда кабыл алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG