Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Июн окуясында жабыркагандарга парламентте сөз берилди


Бүгүн парламент 2010-жылдын апрел-июн окуялары боюнча кабыл алган токтомунун аткарылышын талкуулап жатат. Тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат берип жатышат. Жабыркагандардын атынан сүйлөгөн "Ош шейиттери" коомунун төрайымы Тургунай Айтиева Ош жана Жалал-Абаддагы кооганын күнөөкөрлөрүн, уюштуруучуларын таап жазалоо, жабыркагандарга жардам берүү боюнча кескин сын айтты. Өкмөт, прокуратура статистикалык маалымат чогултуу менен гана алек болууда деген оюн билдирди.

"Ош окуясын ушу жерде отуруп 5-6 комиссия түздүңөр. Так жооп жок. Эки жыл күттүк. Жоопту бүгүн бергиле. Антпесеңер биз бүгүн бул залдан кетпейбиз", - деди Айтиева.

Жогорку Кенеш төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча акыйкаттын орношуна парламент да умтулуп жатканын белгилеп, колдон келген аракет жасалып жатканын айтты.

Кыргыз жана өзбек улутундагы тургундардын ортосунда чыккан чатактан июн окуясында 400дөн ашуун адам набыт болгон. Миңдеген киши үй-жайынан айрылган. 21 адамдын дайыны али күнчө жок. (RK)

XS
SM
MD
LG