Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Ошто милиция "Акыркы коңгуроого" камданууда


Ош шаардык милициясы 25-май күнү шаардагы бардык мектептерди жана коомдук жайларды, Ак-Буура дарыясынын чекелерин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, акыркы коңгуроо күнү жаштар арасында тартипсиздиктерди болтурбоо үчүн кошумча күчтөрдөн сырткары бардык кызматкерлер эртең мененки саат сегизден жарым түнгө чейин калаадагы тартипке көзөмөл кылат.

Ош шаарында 56 мектеп бар. Быйыл 11-классты 1880 окуучу бүрүрөт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG