Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу бир өлкөнүн экспансиясына алып барбайт. Мындай оюн бүгүн “Азаттыкка” маегинде президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, бул темир жол эл аралык транзиттик эле эмес, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн тынымсыз байланыштырган артерия болуп калмакчы.
“Колтугубуздагы кылкылдаган калкы жана ири экономикасы бар Кытай менен карым-катнаш жүргүзүүдөн башка жол жок. Темир жолду салуу шарты боюнча Кыргызстан өз талаптарын коюп жатат”, - деди Атамбаев.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан трансулуттук темир жол магистралын долбоор боюнча Кытайдын Кашкар шаарынан бери куруп, Кыргызстанда Торугарт аркылуу өткөрүп, Өзгөн, Кара-Суу шаарларын аралап Өзбекстанга жеткирүү каралган. Кыргызстандагы участогунун узундугу 268 чакырым болуп эсептелген. (SJ/RK)