Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Өкмөт ички аскерлер санын 1000ге көбөйткөнү жатат


Кыргыз өкмөтү ички аскерлеринин санын бир миң бирдикке көбөйтүүнү карап жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, негизги бөлүгү республиканын түштүк тарабында жайгашкан облустарда топтолот.

Карашев ошондой эле "бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ички аскерлердин 65 пайызы түштүк облустарда жайгашканын" айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш 2010-жылдын апрел-июн окуялары боюнча буга чейин кабыл алган токтомунун аткарылышын талкуулап жатат. Өкмөт мүчөлөрү жана күч түзүм жетекчилери маалымат берүүдө. Түшкө чейин талкуу негизинен Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялар тегерегинде жүрдү. (RK)

XS
SM
MD
LG