Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Кыргыз романс жана поэзия кечеси өтөт


Бишкекте «Кыргыз романс жана поэзия антологиясы» аттуу концерт-кече өтөт. Бул тууралуу бүгүн Композиторлор союзунан кабарлашты. Кече 30-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтөт. Анда кыргыз композиторлорунун соңку жылдары жазылган романстары жана ырлары аткарылат. Сталбек Алмасбеков, Гүлнур Ниязбаева, Бактыгүл Бокоева, Сталбек Жунушалиев, Айзирек Момунова менен Нуржигит Асанов жана Тилек Найманбаев, “Кремл жылдыздары” фестивалынын лауреаты Талантбек Токомбаев сыяктуу аткаруучулар катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG