Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Кыргыз классика тасмалары санарипке көчүрүлөт


Кыргыз киносунун классикасына айланган тасмалар санарип форматка көчүрүлөт. Мындай чечим Кинематография департаментинде өткөн жыйында кабыл алынганын бүгүн "Азаттыкка" Маданият жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди. Жыйынга департаменттин облустардагы өкүлдөрү келип катышты. Тасма фондун жаңылоо, кино көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүү жөнүндө сөз болду. Өлкөдө кинематографияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу зарылчылыгы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG