Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Багдадда Ирандын атомдук программасы талкууланууда


Багдадда Иран менен дүйнөлүк 6 державанын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Ирандын атомдук маселелер боюнча атайын чабарманы Саед Жалил баштаган делегация менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү (Британия, Франция, АКШ, Орусия жана Кытай) жана Германиянын өкүлдөрү Тегерандын атомдук программасына байланышкан суроолорду талкуулап жатышат. Ал делегацияны Евробиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон жетектеп барган. Жыйын өтүп аткан Багдаддагы “Жашыл тилкени” 15 миңдей полициячы кайтарууда. Тараптардын быйыл апрелде Стамбулда болгон сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктаган. Багдад жолугушуусу алдында МАГАТЭнин жетекчиси Юкио Амано Багдадга барганда Иран БУУнун текшерүүчүлөрүнө ядролук ишканаларына коё берүүгө принцибинде көндү деген маалыматтар пайда болгон. Бирок тиешелүү макулдашуу кагаз жүзүндө бекитилген жок. Ислам жумурияты жашыруун ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген айыптооорду четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG