Египетте Хосни Мубарак кулатылгандан кийин алгачкы ирет президентти шайлап жатышат. Эки күн бою 13 миңдей шайлоо участкасында добуш берилет. Бюллетенге ар кыл саясий көз караштарды карманган 13 талапкердин ысымы жазылганы менен бирөө акыркы күнү жарыштан баш тарткан. Айрымдары Мубарактын тушунда жогорку кызматтарды ээлеген болсо, башкаларын исламчыл топтор колдошот. Араб Лигасынын мурдагы төрагасы, бир кездери тышкы иштер министри болгон Амр Муса жана “Мусулман агайындар” уюмунун талапкери, АКШда таалим алган Мухаммад Морси фавориттер катарында аталууда. Биринчи айлампада кандидаттардын бири да 50 проценттен ашуун добуш ала албайт деп күтүлүүдө. Андай болсо, экинчи айлампа июнда өтөт.