Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Путин: Айып пул жөнүндөгү мыйзам тең салмактуу болууга тийиш


Орусия президенти Владимир Путин массалык акциялар учурундагы тартип бузуулар үчүн айып пулга жыгуу мыйзамы тең салмактуу болууга тийиш деп билдирди. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулар менен жолугушууда Путин мыйзам долбоору демократияны чыңдоодон тышкары коомду ашынган аракеттерден коргошу керек деп белгиледи. Президент бул жаатта алдынкы дүйнөлүк тажрыйбаны карап чыгууну сунуш кылды. “Бирдиктүү Орусия” иштеп чыккан мыйзам долбоорун кечээ Мамлекеттик дума биринчи окууда кабыл алган. Коммунисттер, ЛДПР жана “Адилет Орусия” фракциялары документти колдошпойт. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Михаил Федотовдун айтымында, мыйзам парламенттин эки палатасы тарабынан тең жактырылса, анда Путинден ага вето коюуну өтүнөт.

XS
SM
MD
LG