Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Бин Ладенди кармоого көмөктөшкөн доктур 33 жылга кесилди


Пакистанда былтыр майда америкалык атайын кызматтарга Усама бин Ладенди табууга жардамдашкан доктур 33 жылга түрмөгө өкүм кылынды. Шакил Африди чыккынчылык үчүн айыпталды. АКШнын чалгынчылары менен кызматташып, ал Абботабад шаарынын аймагында элди эмдөө боюнча жалган кампания уюштурган. Анын жүрүшүндө доктур “Ал-Кайиданын” ана башы кайда жашырынганы жөнүндө маалымат чогулта алган. Сот уруулар жашаган аймактын мыйзамдарына ылайык жүргөн. Бин Ладен 2011-жылы Пакистандын аймагында АКШ атайын күчтөрү тарабынан уюштурулган операцияда өлтүрүлгөн. Ал окуядан кийин Вашингтон менен Пакистандын мамилелери начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG