Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ЕБ Грекияны евромейкиндикте жалгыз калтырбайт


Брюсселде бүгүн Евробиримдиктин лидерлеринин эки күндүк саммити бүтөт. Кечээ башталган жыйында финансылык кризисти токтотуу үчүн катаал чараларды колдонууну улантуу керекпи же экономиканы өнүктүрчү кадамдарды жасоо зарылбы деген суроо талкууланууда. Франция жана Италиянын лидерлери экономиканы өстүрүүгө көңүл бурууга чакырса, Германия канцлери Ангела Меркель насыя карызын жөнгөрүү үчүн чыгымдарды кыскартуу сыяктуу үнөмчүл саясат жүргүзүүгө үндөөдө.

Евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн ырасмий булактары непада Грекия еврозонадан чыкаса, анын залакасын азайтуунун жолдору изилденип жатканын ырасташты.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Биримдиктин Грекияны колдоосу зарыл деди:

- Грекия 17-июнда (жаңы парламенттик шайлоо өткөрүп) маанилүү кадамга барды жана европалык бойдон калууну чечти деп ойлом. Биз Грекияга сигнал жөнөтүшүбүз керек. Бул Франция Грекиянын еврозонада калышын каалайт дегенди айтуу. Гректер да өз тандоосун урматташы абзел. Ошол эле маалда еврозона Грекияны колдой аларын шарданалашы шарт.

Шаршемби күнү евро арзандап, 1 евро 1 доллар 25 центке сатылды. Евробиримдиктин баалуу кагаздары да арзандады.

XS
SM
MD
LG