Багдадда Иран жана бакубат алты өлкө Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча пикир алмашты. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиришинче, алтылык Иранга эки жакка ыңгайлуу, сүйлөшүүдө акырындап өз ара ишенимге жетишчү деталдуу планды сунуш кылган. Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуленд айымдын маалымдашынча:
- Бул сунуш өз ара ишенимге жетишүү боюнча айрым демилгелерди чагылдырат жана биздин азыркы абалыбызды мүнөздөйт деп ойлойбуз.
Маалымдалгандай, сунушта Ирандын мыкты байытылган уранга ээ болуусу өлкө ядролук куралдуу болгонго жакын калганын жышааналайт деген тынчсыздануу айтылат. Бирок Ирандын өкмөттүк маалымат булактары береги сунушту баланстуу эмес, маанилүү маселелерди камтыбайт деп сындады жана Тегеран беш пункттан турган олуттуу план киргизгенин билдиришти.