Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Бжезинский: Путиндин башкаруусу - анахронизм

Америкалык көрүнүктүү саясат таануучу Збигнев Бжезинский Орусия президенти Владимир Путиндин башкаруусун “анахронизм” же эски доорго таандык деп атады:

- Путинизм анахронизмдин формасы катары балким фактыдыр. Анын жетекчилик идеясы жана стили өткөн менен айкалышып турат жана не глобалдык жагдай, не Орусиядагы өзгөчө кырдаал менен байланышпаган.

Бжезинский 23-майда Вашингтондогу Вудров Вильсон борборундагы сөзүндө Орусияда кубатуу орто класс пайда болуусу Путиндин өлкөнүн болочокку багытына тийгизген таасирин азыркыдан бир кыйла азайтат да деди. Збигнев Бжезинский 1977-81-жылдары АКШ президенти Жимми Катердин Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон.
​
XS
SM
MD
LG