Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Вашингтонду доктор Афридини соттоо тынчсыздандырды


АКШлык чалгынчыларга “ал-Каиданын” ана башы Усама бин Ладенди табууга жардамдашкан доктур 33 жылга кесилди. Шакил Афридини сот АКШнын чалгынчылары менен кызматташып, Абботабад шаарынында элди эмдөө боюнча жалган кампания өткөрүүсүнү чыккынчылык деп тапты. Соттогу жүйөөгө караганда, доктор өнөктүк маалында бин Ладен кайда жашырынганы жөнүндө маалымат чогулта алган. Сот уруулар жашаган аймактын мыйзамдарына ылайык жүргөн.

Бин Ладен 2011-жылы Пакистанда АКШнын атайын күчтөрү өткөргөн операцияда өлтүрүлгөн. Бул Вашингтон - Пакистандын алакасынын начарлашына алып барган. АКШ доктор Афридини соттоого эч кандай негиз жок деп, тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG