Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Чыңгыз Айтматовго арналган эл аралык конгресс өтөт


Бүгүн Бишкектеги кыргыз-түрк Манас университетинде «Чыңгыз Айтматов жана түрк цивилизациясынын ренессансы» аттуу эл аралык конгресс башталат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, конгресске АКШ, Азербайжан, Орусия, Монголия, Индия баштаган 13 өлкөдөн келген илимпоздор, маданият жана адабият, искусство ишмерлери, дипломатиялык түзүмдөрдүн катышуусу күтүлүүдө. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу жүздөн ашык баяндама жасалат.

Бул конгресс президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кыргыз-түрк Манас университети, Ардахан университети, Түрксой уюму жана Ысык-Көл форуму тарабынан уюштурулууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG