2011-жылы Кыргызстанда балдар укугунун бузулушуна байланыштуу 71 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу бүгүн парламентте баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымыныда, балдар укугун коргоо прокуратура органдары үчүн артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет. Баш прокуратурада бул боюнча иштеген атайын бөлүм ачылды. Былтыр балдар укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн бөлүм 898 текшерүү жүргүздү. 2010-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 13 пайызга көптүк кылат. 1322 мыйзам бузуу факты аныкталып, 71 кылмыш иши козголду. Тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 800 адам тартылды. (RK)