Ирандын ядролук программасы боюнча Багдаддагы талкуунун буга чейин пландаштырылбаган экинчи күнү өтүп жатат. Кечээги сүйлөшүүлөрдө Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ өзөктүк программа боюнча Иран менен бир мунасага келе албай коюшкан.
Саммитте дүйнөнүн алты өлкөсү Тегеранга уранды 20% чейин байытуу ишинен баш тартууга чакырышты. Анткени бул атомдук куралды жасоого колдонулушу да мүмкүн деген кооптонуу бар. Тегеранды уранды мынчалык байытуудан баш тарттырыш үчүн ал өлкөлөр мурдагы жана жаңы экономикалык кызыктуу сунуштарын айтышкан. Бирок уранды байытууну жалаң гана жайчылык максаттары менен негиздеген Иран айтылган сунуштарды жетишсиз деп балап жатканы кабарланууда.