Чабуул бүгүн Пакистандын Ооганстан менен чектеш жериндеги тайпалар жайгашкан аймакта болгон. Атын атабоону өтүнгөн пакистандык чалгынчы кызматкерлердин бири айтканына караганда, учак Түндүк Вазиристандагы эки үйгө ракета аткан. “Бул үйдү чын эле козголоңчулар колдонуп келишкен деп ойлойбуз”, - деди ал. Кечээ ушул эле региондо дагы бир пилотсуз учактын чабуулунан төрт козголоңчу тындым кылынганы кабарланган.