Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Мамдепартамент: “Араб жазы” элге дем берди


АКШ Мамлекеттик департаменти "2011-жылдагы адам укуктарынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалы тууралуу" докладын жарыялады. Анда былтыр Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада болгон көтөрүлүштөр Тунис, Египет, Ливия, Бахрейн, Йемен жана Сирия элине универсалдуу демократиялык укуктарын, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн талап кылып, өлкөлөрүнүн саясий келечегин аныктоого катышуусуна дем берди деп белгиленет. Бирок өзгөрүүлөр демократия менен адам укугун урматтоого жеткенге чейин көп учурда башаламандыкты түзөөрү эскертилет. АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон докладдын жарыяланышына байланыштуу сөзүндө:

“Биз өздөрү жашаган коомдун тагдырын өз алдынча аныктоого умтулган түрдүү өлкөлөрдөгү адамдардын экономикалык турмушка активдүү катышуу аракетин колдойбуз. Биз алардын өз жашоосуна жана өлкөсүнүн келечегине жооп берүүгө умтулганын жактайбыз”, - деди.

Мамдепартаменттин адам укугу боюнча докладында көптөгөн өлкөлөрдө, анын катарында Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Беларуста адам укугунун абалы “өтө начар” экени, ал эми Египет жана Кыргызстанда шайлоолор жалпысынан эркин жана адилет өткөнү көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG