Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Украинада тил жөнүндөгү мыйзамдын долбоору талашка түшүүдө


Кечээ украин парламентинин алдына чогулган миңден ашуун улутчулдар менен оппозиция активисттери башкаруучу Региондор партиясынын тил боюнча сунуш кылган мыйзам долбооруна нааразылыгын билдиришти. Алар “Тилден колуңду тарт!”, “Московиттердин баскынчылыгын токтот! Москвага кулдук урганды токтот!”, “Кош тилдүүлүк орусташууга тете”, “Жалгыз улут, жалгыз тил - украиндер!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

Мыйзам долбоорунда Украинанын 27 облусунун 13дө орус тили экинчи расмий тил болсун деп сунуш кылынат. Абактагы экс-премьер Юлия Тимошенко өзүнүн “Баткившина” (Ата журт) партиясы аркылуу жасаган билдирүүсүндө мыйзам долбоорун “украин улутуна каршы кылмыш” деп атады.

XS
SM
MD
LG