Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Кыргызстан Парагвай менен дипломатиялык байланыш түздү


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстан менен Парагвай республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүү боюнча бирдиктүү коммюнике кабыл алынды. Бул документке эки өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлдөрү Таалайбек Кыдыров жана Хосе Антонио Дос Сантос кол койду. Парагвай республикасы Түштүк Америкадагы Аргентина, Бразилия, Боливия менен чектеш өлкө.

Кыргызстан дүйнөнүн сексенден ашуун өлкөсү менен дипломатиялык карым-катнаш түзүп, 29 өлкөдө дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачкан. Буга чейин БУУдагы туруктуу өкүл Таалайбек Кыдыров Кыргызстан дагы 47 өлкө менен дипломатиялык байланыш түзүүгө даярдык көрүп жатканын кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG