Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Алтын кен боюнча кылмыш иш козголду


Баш прокуратуранын коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы Чоң-Алайдагы Кара-Казык кенин иштетем деген "Азия голд инт" фирмасы боюнча кылмыш иш козгоду. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым кызматкерлерине айып тагылган жатат. Алар кызмат абалынан пайдаланды, "Азия голд инт" фирмасына лицензия берүүдө мыйзам бузган деп шектелүүдө. Аталган агенттиктин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул маселе атайын комиссияда каралат. Себеби "Азия голд инт" агенттик менен түзүлгөн лицензиялык макулдашуунун да шарттарын аткарган эмес. Кара-Казыкта алтындын жана күмүштүн кени бар. (RK)

XS
SM
MD
LG