Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Франциянын президенти Франсуа Олланд Ооганстанга күтүлбөгөн сапар менен барды


Ооганстандан француз аскерлерин чыгарып кетүүнү сүйлөшүш максаты менен барган мамлекет башчысы Олланд ушул айдын башында Францияда президенттигине киришкен. НАТОнун планына ылайык, ооган жериндеги чет-өлкөлүк аскерлер 2014-жылдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бирок Франция өзүнүн ал жактагы 3400 аскеринин көпчүлүгүн быйыл жыл этегине чейин эле чыгарып кетет.

Бүгүн Олланд француз аскерлери жайгашкан Каписа вилаетинде болуп, аларды мекенине кайтаруу ишин НАТО жана АКШнын президенти Барак Обама менен аныктаганга убада берди.

НАТО талиптерге каршы күрөшчү топту келерки жылдын этегине чейин жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берет. Ал эми 2014-жыл бүткөнгө чейин 130 миңдей аскеринин көпчүлүгүн алып чыгып кетиши керек.

XS
SM
MD
LG