Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Америкалык сенаторлор Пакистанга жардамды кыскартууну сунуштады


АКШда сенаторлордун тобу Усама бин Ладенди табууга жардам берген дарыгердин камалганына байланыштуу Пакистанга акчалай колдоону кыскартууну сунуш кылды.
Кечээ сенаторлордун тобу догдур Шакил Афридини 33 жылга камаган Пакистанга дарыгердин жаза мөөнөтү күчүндө турган чакта жылына 1 млн.доллардан акча бербөөгө чакырды. Ошондо жалпысынан 33 млн.доллар берилбей калат.

Африди Абботтабад шаарында күчкө эле эмдөө ишин өткөрүп, Усама бин Ладен каерде жашырынып жүргөнүн ЦРУга аныктаганга жардам берген. Америкалык атайын күчтөр былтыр 2-майда ал жашайт делген үйгө чабуул коюп, “Аль-Каиданын” лидерин өлтүрүшкөн эле. Бул чабуул АКШ менен Пакистандын алакасына доо кетиргени айтылган болчу. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Афридиге чыгарылган өкүмдү “акыйкатсыз, өзүн актабаган” чечим деп атады.

XS
SM
MD
LG