Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргыз-кытай декларациясы кабыл алынат


Президент Алмазбек Атамбаев июндун башында Пекинге иш сапар менен барат. Шанхай кызматташтык уюмунун 10 жылдык саммитине катышат жана Кытай жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Соңунда биргелешкен декларацияга кол коюлат. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин айтымында, бир нече башка документ да кабыл алынат.

6-7-июнда Бээжинде өтө турган ШКУ саммитинде бул уюмдун мындан аркы иши, саясий-экономикалык жана коопсуздук жаатында маселелер талкууланат.

Уюмга мүчө өлкөлөрдөн тышкары Иран, Монголия, Пакистан жана Индиянын президенттери байкоочу катары катышат. ШКУга алты мамлекет мүчө - Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG