Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Түркмөнстанда бизнесмендер саясий партия түзүштү


Бул тууралуу кабарлаган мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөдөгү ишкерлер бир партиялуу системаны жоюуга киришкенин белгилешти. Индустриалисттер жана ишкерлер Ассоциациясы бир топ маалымат каражаттарында ушул аптада жарнамаларын көрсөтүп, жаңы түзүлгөн “Ишкерлер партиясына” мүчө болууга чакырып жатышты. “Азаттыктын” түркмөн кызматына сүйлөгөн уюштуруучулар партиянын программасы жакын арада өтчү концеренцияда талкууланаарын айтышты. Бирок ал расмий каттоодон өткөн-өтпөгөнү азырынча белгисиз.

1991-жылы жаратылыш ресурстарына бай Түркмөнстан эгемендик алгандан бери өлкөдө бир гана Демократиялык деп аталган партия болгон жана аны авторитардык жетекчилер башкарып келатышат. Эки жыл мурда президент Гурбангулы Бердымухаммедов экинчи партияны түзүү зарылдыгын айтып, парламентке партиялар жөнүндө мыйзам иштеп чыгууну буйруган.

XS
SM
MD
LG