Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Орусияда шариат соту болушу керек деген адвокатка каршы кылмыш иши ачылды


Адвокат Дагир Хасанов өткөн айда телеканалдагы интервьюсунда Орусиядагы мусулмандар секулярдык сотторго ишенбей турганын, ошондуктан өлкөдө шариат соту болушун каалап жатышканын айткан. Азыр эми тергөөчүлөр Хасановдун айткандары канчалык деңгээлде “жек көрүүнү пайда кылаарын” иликтеп жатышат. Орусияда Кремлге жакын делген динаятчылар бул натуура идея экенин айтып, муну “Орусия дүнүявий өлкө” экени менен түшүндүрүшкөн болчу. Оппозициялык “Яблоко” партиясы Хасановдун сөзүн "жек көрүүнү пайда кылчу экстремисттик көз караш" деп атап, аны сотко берээрин эскерткен эле. Ошол интервьюдан кийин адвокат өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG