Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30

Кыргызстандык футболчулар Араб командасы менен беттешет


Бүгүн Дубайда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатынын алкаганда Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттардын командасы менен беттешет. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтында кабарланды.

Буга чейин 25-майда өткөн оюнда кыргыз футболчулары Таиланддын командасына 0:2 эсебинде утулуп калган эле. Мындай жыйынтык менен кыргызстандык команда мелдештин А тобундагы командалар арасында эң акыркы сапка илинди.

Эгер бүгүнкү оюнда Кыргызстандын курама командасы утула турган болсо, анда чейрек финалдагы оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азиядан күчтүүлөрдүн бири деп эсептелет. 2005-жылы континент биринчилигинде үчүнчү орунду ээлеген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG