Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Жапония жана Кытай акчасын түз алмаштыра баштайт


Бул тууралуу Жапониянын "Киодо" жаңылыктар агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, эки тараптуу сооданы жана инвестицияны күчөтүү үчүн Кытай менен Жапония июндан тарта улуттук акчалары менен түз соода жүргүзө баштайт.

Башкача айтканда иендин жана юандын курсун аныктоодо долларга таянган системаны колдонушпайт.

"Киодо" агенттиги белгилегендей, акча алмашуунун бул системасы дүйнөнүн экинчи жана үчүнчү экономикасынын ишкерлери үчүн алмашуу курсундагы олку-солкулуктар менен байланышкан тобокелчиликти, акча которуудагы чыгымдарды азайтат. (UE)

XS
SM
MD
LG