Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Орус өкмөт башчысы бийликтеги партиянын башына келди


Дмитрий Медведевди “Бирдиктүү Орусиянын” төрагалыгына бүгүн партиянын Москвада өткөн курултайы басымдуу көпчүлүк добуш менен бекитти.

Орус өкмөт башчысы бийлик партиясына расмий түрдө мындан төрт күн мурда гана кошулган.

“Бирдиктүү Орусиянын” төрагалыгын 2008-жылдан бери аркалап келген Путин бирок партбилет алган эмес. Ал партия төрагалыгынан президент кызматына киришкенине байланыштуу кетти.

“Бирдиктүү Орусия” өлкө саясатында акыркы он жылдан бери үстөмдүк кылып келгени менен декабрдагы былтыркы шайлоо анын бедели түшө баштаганын көрсөттү. Шайлоонун арты ага чейин болуп көрбөгөн нааразылык акциялары менен коштолгон. (UE)

XS
SM
MD
LG