Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

АКШнын мамлекеттик катчысы Кавказга барат


Хиллари Клинтон 31-майда Түндүк Европа, Кавказ жана Түркияга башталуучу сапарынын алкагында Азербайжанда, Арменияда жана Грузияда да болот.

Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, Клинтон сапары учурунда аймактык коопсуздук, демократия, экономикалык өнүгүү жана террорчулукка каршы күрөш маселелерин талкуулайт.

Ал Кавказ чөлкөмүнүн үч өлкөсүндө тең жарандык коомдун лидерлери менен жолугат.

АКШнын мамлекеттик катчысы адегенде Дания, Норвегия, Швецияга токтоп, кийин Кавказга келет. Андан ары Түркияга барат. (UE)

XS
SM
MD
LG