Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Шафик: Египет Мубарактын дооруна кайтпайт


Ахмед Шафик ( оңдо).
Ахмед Шафик ( оңдо).
Эски режимдин экинчи айлампага чыккан өкүлү өлкөнү Мубарак дооруна кайтарбоону убада кылды. Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын доорунда министр жана премьер-министр болгон Ахмед Шафик Каирде жаштар менен жолугушуу учурунда, эгер президент болуп шайланса, “Араб жазынын” жетишкендиктерин сактарын, өлкөнү артка кайтарбасын убада кылды:

- Мен айткандай, колумду египеттиктердин баарына сунам. Египеттин саясий күчтөрүнүн баары менен диалогду кабыл алам. Ошол эле учурда мен элге таянууну талап кылам, баарыңарды калк менен иштөөгө чакырам.

Египетте, 23-24-майда болгон шайлоонун баштапкы жыйынтыктары аскер адамы, Хосни Мубарактын бийлигинин соңку күндөрү бир ай премьер-министр болгон Ахмед Шафик экинчи айлампада исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылынын талапкери Мохаммад Мурси менен беттешерин көрсөтүүдө.

Египеттин бардык саясий күчтөрүн диалогго аталган кыймыл да чакырды. Экинчи айлампа 16-17-июнда өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG