Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Кыргызстандык футболчулар Азия чемпионатынын чейрек финалына чыкты


Кыргызстандын курама командасы Дубайда өтүп жаткан Азиянын футзал боюнча чемпионатында Бириккен Араб Эмираттарынын командасын 3:1 эсебинде утту.

Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12ге жакын аяктаган мелдештин жыйынтыгы Кыргызстан командасынын чейрек финалга чыгуусуна жол ачты. Бишкектен барган кичи футбол чеберлерин кыргызстандык күйөрмандардын чакан тобу сүрөп турду.

Буга чейин 25-майда өткөн оюнда кыргыз футболчулары Таиланддын командасына 0:2 эсебинде утулуп калган эле. Эгер кыргызстандыктар 26-майдагы мелдеште дагы утулганда, анда чейрек финалдагы оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырамак.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2005-жылы континент биринчилигинде үчүнчү орунду ээлеген. (UE)

XS
SM
MD
LG