Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Кара-Кулжада сел бир адамдын өмүрүн алды


Кечээ кечки саат алтылар чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кашка-Жол жана Октябрь айылында сел жүрүп, эки адамды агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, айылдагы “Ак-Торпок” сугат каналынан суу ашып, селдин агымына туш болгон 2007-жылы туулган Эсентур кызы Элвира жана анын чоң энеси 1942-жылы туулган М.Жээнбаева агып кеткен. Кечки саат жети жарымдар чамасында кыздын денеси жергиликтүү калктын күчү менен табылып, туугандарына берилди. Аталган министрликтин Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Жумагазиевдина”Азаттыкка” айтымында, ооруканага жеткирилген Жээнбаеванын абалы дурус.

Мындан сырткары Октябрь айылындагы 10 турак үйдүн ичине, короо сарайларына жана чарбактарына суу кирген, анын ичинен 2 турак үй кыйроо абалында. Райондук комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ушул эле күнү кечки жетилер чамасында Өзгөн районуна караштуу Адыр айылында сел жүрүп, болжол менен 42 турак үйдүн короо сарайларына жана чарбактарына суу кирген. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен мониторинг департаментинин адистери уюштуруу иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG