Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Жалал-Абадда 16 кожолук коопсуз жайга көчүрүлдү


Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштерине Жалал-Абаддагы мекеме-уюмдардын 300дөй өкүлү, дарыгерлер, чукул кырдаал адистери, аскер бөлүктүн жоокерлери коммуналдык кызмат мекемесинин техникасы чыкты. Бул тууралу мэриянын басма сөз катчысы Мейманбү Акжолова билдирди. Шаарда ишемби күнү кечке жуук катуу нөшөрдөн улам сел жүрүп, алдын-ала маалыматтар боюнча Холодные ключи, Барпы сейил багы жана Эркиндик көчөлөрүндөгү 16 турак үйгө суу кирген. Алардын экөө коркунучтуу абалда. Жабыр тарткан үйлөрдүн жашоочулары шаардагы №1- кесиптик лицейдин жатаканаларына көчүрүлүп, аларга мэриянын эсебинен жылуу тамак уюштурулду. Шаардагы аскер бөлүктүн жоокерлери менен куткаруучулар түнү менен сел кирген үйлөрдүн сууларын сордурушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сел адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок. (YA)

XS
SM
MD
LG