Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Грузия парламентин Кутаисиге көчүрүүдө


Президент Михаил Саакашвили кечээ борбор Тбилисиден 220 чакырым аралыкта жайгашкан Кутаисиде парламенттин жаңы имаратын ачуу аземин өткөрдү. Ал парламенттин жаңы имараттагы алгачкы сессиясында сүйлөгөн учурунда белгилегендей, бул кадам Грузия “жалгыз элитага гана ээ болбошун, жалгыз көчөдөн башкарылбоосун” көздөйт.

Грузин парламенти Кутаисидеги имаратында быйыл күздөгү шайлоодон кийин, курулуш иштери толук аяктагандан соң гана иштей баштайт.

Сынчылар парламентти көчүрүү жөн эле акча чачкандык жана мыйзам чыгаруу бийлигин алсыратуу максатын көздөшү мүмкүн деп эсептешет.

Бирок демилгенин колдоочулары парламентти көчүрүү саясатты экинчи борбордон жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүк ачарын жана СССР чачырагандан кийин чөгүп кеткен Кутаиси шаарын өнүктүрөрүн айтышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG