Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

28-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолуна ылайык, 27-майдан 30-майга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы:

28-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 19..24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12 градус, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 22..27,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 20...25,
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, ал эми күндүз 3..8 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 12...14, күндүз 27...29 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG