Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Иран: Уран байытууну токтотууга “эч жүйө” жок


Бул тууралуу Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Ферейдун Аббаси Давани билдирди. Анын ырастоосунда, Иран 20% байытылган уранды болгону отун үчүн гана өндүрүүдө. Ирандык расмий өкүлдүн бул сөздөрү алдында, МАГАТЭнин баяндамасында Иран уранды 20% ашуунга байытканынын издери табылгандыгы айтылган эле.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Аскар Солтание болсо бул маалыматтын маанисин “техникалык гана маселе” деп төмөндөттү.

Ирандын уран байытууну токтотуусу - анын талаштуу өзөктүк программалары боюнча сүйлөшүүгө тартылган дүйнө державаларынын башкы талабы.

90% чейин байытылган уран өзөктүк курал жасоодо колдонулат. Анын өзөктүк отун иретинде 20% байытуу, өзөктүк куралга жарагыдай кылып байытууга саналуу эле кадам калды дегенди билдирет. (UE)

XS
SM
MD
LG