Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

Грузия: оппозиция митингине он миңдеген адам чыкты


Эркиндик аянтындагы митингден бир көрүнүш. Тбилиси, 27-май, 2012-жыл.
Эркиндик аянтындагы митингден бир көрүнүш. Тбилиси, 27-май, 2012-жыл.
Кабарларга караганда, бүгүн борбор Тбилисинин Эркиндик аянтына келгендер миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузин тилеги” коалициясын колдоо үчүн чогулушту. Митинг октябрга белгиленген парламентик шайлоо алдында коалициянын кубатын көргөзүүгө багытталды.

Коалициянын лидерлеринин бири Тина Хидашели чогулгандарга кайрылып, буларга токтолду:

- Бул шайлоо өнөктүгүнүн, октябрдагы шайлоонун башталышы. Биз “Грузин тилегин” ишке киргизип жатабыз. Мен биз келерки айда өлкөнүн басымдуу бөлүгүнө жетебиз, октябрдагы шайлоо алдында бүткүл өлкөнү камтыйбыз деп үмүттөнөм.

Демонстранттардын арасында, грузин парламентинин мурдагы төрайымы, азыр бийликтин оппоненти Нино Буржанадзе да болду.

Грузин оппозициясы президент Михаил Саакашвилини авторитардык башкарууга ык алганы үчүн айыптап жүрөт. Айрымдар ал экинчи мөөнөтү бүткөндөн кийин 2013-жылы премьер-министрдин кызматын ээлөөгө аракеттениши мүмкүн дешет.

Грузин полициясы бүгүнкү митингге канча адам жыйналганын айтууда баш тартты. Кээ бир байкоочулардын баамында, ал 2009-жылдан берки эң ири демонстрация болду. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, “Грузин тилеги” коалициясы азыр бийликте турган партияга куйрук улаш келе жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG